• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Текебаевдин ишинде саясий тапшырма жок - Леонид Маевский

Укук тартиби 0

Бишкек, 30-июнь /Мехриниса Сулайманова – Кабар/. Россиялык ишкер Леонид Маевский эмне себептен мурда “Альфа-Телеком” боюнча сотко кайрылбаганын айтып берди. Анын айтымында, ал мурдагы Башкы прокурор тарабынан сотко кысым болоорун билген.

Эскерте кетсек, жыл башында Башкы прокурор “Ата Мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевге жана мурдагы ӨКМ министри Дүйшөнкул Чотоновго УКМКнын материалынын негизинде кылмыш ишин козгогон. Алар “коорупция” жана “алдамчылык” беренелери менен айыпталууда.

Башкы көзөмөл мекемесинин берген маалыматы боюнча аларга жазуу түрүндө Россиялык ишкер Леонид Маевский арыз менен кайрылган.

Өзүнүн арызында Маевский 2010-жылы Текебаев убактылуу өкмөттүн төрагасынын орун басары кызматын аткарып турганда, “Мегаком” компаниясын сатууда ага бир катар жеңилдиктерди түзүп берүүнү убада кылып, андан бир миллион АКШ долларын алгандыгын көрсөттү. Биринчи этапта саясатчы Маевскийди “Альфа Телекомдун” башкармалыгына аралаштырып, андан соң аталган компаниянын акциясын бизнесменге сатууну убада кылган. Текебаев берген убадасына турбай алган каражатын кайтарып берүүдөн баш тартып кандайдыр бир талап коюлса же бул маалыматты таркатууга аракеттер көрүлсө, зомбулук көрсөтүлөөрүн айтып коркутканын жазат.

Белгилей кетсек, Бишкекте бул иш боюнча соттук процесс жүрүп жатат. Кечээ өткөн процессте башкы күбө Леонид Маевский көрсөтмө берди.

Сот процессинен кийин, Леонид Маевский маалымат жыйын берип, өз учурунда Текебаев Кыргызстандагы элита тууралуу, тагыраагы кимдин артында ким тураарын айтып берген деп билдирди.

“Эгер жаңылбасам ал мурдагы Башкы прокурор болушу керек. Мындан улам мен короткон каражатымды кайтарып ала албастыгыма көзүм жетип, аракет кылгандан майнап чыкпасын түшүнгөм. Өлкөдө саясий кырдаал өзгөргөндө гана, көз карандысыз тергөө жүрмөк. Жыйынтыгында мен тиешелүү мекемеге кайрылып, иш сотко өткөн. Мен сот менен кызматташууга жана иш жүзүндө колдоого алууга даярмын”,-деди Маевский.

Ошондой эле, Маевский 1 млн доллар маселеси боюнча айтып берди.

“Биз “Мегаком” компаниясынын наркын эсептеп чыгып, аны 300 млн АКШ долларына сатып алууну көздөгөнбүз. Ал эми Текебаев ошол сумманын 10-15%пайызын талап кылды. Биз албетте мындан баш тарттык, себеби сөз миллиард рубль жөнүндө болуп жаткан. Ал эми 1 млн долларды Текебаев Кыргызстандын базарына киргенибиз үчүн талап кылган”,-деп түшүндүрдү Маевский.

Мындан тышкары ишкер 1 млн долларды пара болбошу үчүн, расмий түрдө берүүнү көздөгөн.

“Мен 300 миң долларды өзүмдүн эсебимен чечип, Текебаевге бергем. Ал акчанын кайдан келгендиги боюнча мен тиешелүү мекемелерге киреше декларациясында көрсөткөм. Мен ал акчага салык төлөгөм”,- деген Россиялык ишкер, Текебаевге пара бербегенин кошумчалады.

Ошондой эле, Маевский бул ишти саясий буйрук эмес - бул кылмыш иши деп белгиледи.

“Сиздердин президент Атамбаевди мен эч качан көргөн да, сүйлөшкөн дагы эмесмин.Теледен эле көргөм. Эч кандай жолугушуу болгон эмес. Текебаевдин ишинде эч кандай саясий буйрук жок”, -деди Маевский.

Пикир

Оставить комментарий