• 88.68
  • 95
  • 0.95

Жоголуу коркунучунда турган сайгактын мүйүздөрүн Кыргызстанга мыйзамсыз алып киргендер кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 23.06.23. /Кабар/. Сайгактын мүйүздөрүн контрабандалык жол менен ташуу иштерине бөгөт коюлду, деп билдирет КР УКМКнын басма сөз кызматы.

Жоголуп кетүү коркунучунда турган - 160 кг (845 даана) ашык сайгак мүйүздөрүн Казакстандан Кытайга жаныбарлар дүйнөсүнүн объектилерин мыйзамсыз сатуу жана ташуу аракети аныкталды.

Атайын кызматтын маалыматына караганда, сайгак мүйүздөрү Кыргызстандын аймагына мыйзамсыз киргизилип, Кытайга контрабандалык жол менен алынып баратканы аныкталган. Негизги кылмышкерлер мыйзамсыз жүк ташып бара жаткан жеринен кармалган.

Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынан жана Жаратылыш ресурстар министрлигинен чакырылган эксперттер КРнын экология жана техникалык көзөмөлү кылдат экспертизанын жыйынтыгында бул мүйүздөр "Сайга татарика" (сайга) мүйүздөрүнө таандык экенин тастыктаган.

КР УКМК тарабынан зарыл болгон тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө, ошондой эле сайгактын мүйүздөрүн мыйзамсыз ташууга тиешеси бар башка адамдарды аныктоо иштери жүрүп жатат.

УКМК жаныбарларга, анын ичинде Кызыл китепке кирген жаныбарларга ырайымсыз анчылык кылуу Кыргызстандын мыйзамдарына ылайык жазык жана административдик жоопкерчиликке тартууга алып келерин эскертет.

Маалымат иретинде: Өткөн кылымда сайгактар дээрлик толугу менен жок кылынган жана азыр эл аралык Кызыл китепке "Жок болуу алдында турган түрлөр" статусу менен киргизилген. Азыр сайгактар Казакстанда, Батыш Монголияда, Өзбекстанда жана Россияда (Астрахан облусу жана Калмакия) жашайт

Пикир

Оставить комментарий