• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Сания Шакирова кабылган жол кырсыгы: Күнөөлүү өкүнүп жаткандыгын билдирди

Укук тартиби 0

Бишкек, 13.09.18. /Кабар/. Дүйнө сулуусу Сания Шакирова каза болгон жол кырсыгына күнөөлүү өкүнүп жаткандыгын билдирди. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине жабыркаган тараптын жактоочусу Рустам Абдурауфов маалымдады.

Анын айтымында, күн мурун кырсыктын күбөлөрү сурак берип, келе албай калган күбөлөрдүн көрсөтмөлөрүн соттук отурумда окуп беришкен.

“Сурактын жүрүшүндө Чыңгыз Кондурбаев рулга отурар алдында ичип алгандыгын мойнуна алып, унаа айдоого укугу жок экендигин жана жогорку ылдамдыкта бара жаткандыгын айткан (саатына 120-140ч). Ал ошондой эле көзүнө жаш алып, өкүнүп жаткандыгын билдирди. Бирок ал кырсык болгон жерден качып кеткендигин четке кагып, аны ооруканага алып кетишкендигин билдирүүдө”, - деди жактоочу.

Бирок Кондурбаев моралдык зыянды төлөөдөн баш тартып, Шакированын балдарын кароого убада берип, акча төлөбөй тургандыгын айтууда дейт Абдурауфов.

Эске сала кетсек, Шакирова каза болгон жол кырсыгы 2-июнда Ысык -Көлдө болгон. Таксинин айдоочусу батышты көздөй бара жатып, башкаруусун жоготуп, тосмону сүзгөн. Унаада эки адам болгон. Сания Шакирова алган жаракаттарынан улам окуя болгон жерден каза болгон, жүргүнчү жана айдоочу жаракат алышкан. Көп өтпөй рулда отурган адам Сания Шакированын болочоктогу жолдошу 31 жаштагы Ч.К. экендиги белгилүү болгон. Ал мас абалында болгондугу айтылган.

Пикир

Оставить комментарий