• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Казанстандыктар торпок минип теке тартышка түшмөй болду

Жармастан 0

Мындагылар ойдон чыгарылган, кокустан окшоштук болушу мүмкүн.

Жармастандын Казанстан деген коңшусу бар. Тили, дили бир. Ошондуктан эгиз эл деп коюшат. Анан атаандашып турушпаса баштары ооруйт. Жармастандыктар бээ саап ичишсе, казанстандыктар “биз андан чонуң саайбыз” дешип төө саап ичишет. Жайлоого чыгышса жер калбай калгансып, кошуна конуп алышат. Аркы коктуга барып конуп алышса деле болмок, бирок бири-бирисиз жашай алышпайт. Түштө жармастандык козусун союп беш бармак жасап чакырса, кечинде казанстандык андан чоң коюн союп конокко чакырат. Анан эт жеп эле отура беребизби дешип, айтышка түшүшөт.

Казанстандык баштайт:

- Түштө жейсиң бешбармак,

Жармастандык улантат:

- Кечинде жейсиң жапырак.

Казанстандык төгөт:

- Күндө жейсиң бешбармак.

Жармастандык:

- Түндө жейсиң жапырак...

Ушул эки сапты түк тажабай миң кайталап отура беришет. Кеч кирет. Таң атат. Жай да бүтөт. Жарманстандык менен казанстандык баягы айтышын бүтө алышпай, жакага түшүп кетишет. Кетээринде казанстандык тийишет:

- Унутпай жүр, казансыз жарма кайнабайт.

Жармастандык :

- Жарма кайнабаган казандын кимге кереги бар.

Ошентип кылчак-кылчак карашып, бир-бирин кыялышпай араң бөлүнүшөт.

Өткөндө Көчүп жүрүүчүлөрдүн тою болуп, Казанстандыктар теке тартыш деген оюнда өмүрү ат минбеген Сөзүбек деген элден утулуп калышса болобу. Буга намыстанган жармастандык барып:

- Ой, баурлар ушундан көрө ат минбей эле торпок минип тартышка түшсөңөр болмок?

- Ошентели дегенбиз...Бирок күз болуп кетип, сайгагыңар жок экен?

- Сайгакты эмне кылат элеңер?

- Сайгак тийсе торпогубузу жакшы чуркап, сөзүбектердин акесин таанытмакбыз.

- И-ии, ырас эле.

Буга ишенген жармастандыктар кийинкиде 90 торпок багып турмай болду. Анан теке тартыш оюнун күздө эмес жайдын толугунда, сайгак маалында өткөрө тургандыгын айтышып, баурларын узатып коюшту. Жармастандык менен казанстандыктар ушундай эл...Бир-бирине тартып турушат...

Пикир

Оставить комментарий