• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бишкектин четинен ымыркайдын сөөгү табылды

Жармастан 0

Бишкек, 02.02.24./Кабар/. Бишкектин четиндеги Эне-Сай жаңы конушунан ымыркайдын сөөгү табылды. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине Чүй облустук милициясынан билдиришти.

Билдирүүгө ылайык, 1-февралда саат 17:37де Аламүдүн райондук ички иштер бөлүмүнө Алма-Ата көчөсү менен айланма жолдун кесилишинен жаңы төрөлгөн баланын сөөгү табылгандыгы тууралуу маалымат түшкөн.

Бул факты маалыматтарды каттоо журналына катталып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталган.

Иликтөө иштеринин жүрүшүндө ымыркайдын энеси аныкталып, ал 20 жаштагы К.А. экендиги такталган. К.А. баласы жети айлык өлүү төрөлгөнүн, дос кыздарынын кеңеши менен баланын сөөгүн коробкага салып, Эне-Сай конушунун жанында талаага таштап кеткенин айткан.

Учурда соттук-медициналык экспертиза дайындалып, тергөө иштери уланууда.

Пикир

Оставить комментарий