• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Жармастан: Баш бакан ким болорун көзү ачыктар билеби?

Жармастан 0

Мындагы окуялар ойдон чыгарылган, кокустан окшоштук болушу мүмкүн.

“Кентавр” теле каналынын алып баруучусу Камышай Бабыркулова ойдо жокту баштап, коомчулукту да ойдолотуп турбаса ал күнү шакыйы кармап калмайы бар. Кечээ үч көзү ачыкты “Кентавр” каналына чакырып алып, “Жармастанга ким Баш бакан болот?” деген суроону кабыргасынан койду.

Биринчи болуп сөз алган төлгөчү “дерхаб” деп туруп, көкүрөгүн бир муштап алып, ортодогу айнек үстөлгө 41 ташын уруп калды эле, 3 эле ташы калып, калганы чачырап кетти.

Тиги неме таштарын издеп жөнөмөкчү болду эле жаны чыккан Камышай Бабыркулова:

- Сиз эмне дарттикем ойногону келдиңиз беле? Төлгө салбай деле, билбей деле коюңуз, үстөлдү талкалайсыз,- деп түрткүлөп студиядан чыгарып жиберди.

Муну көргөн экинчи төлгөчү 41 эмес 5 эле ташын алып чыгып, үстөлдүн төрт бурчуна акырын бирден коюп, бешинчи ташты алаканынан чыгарбай: “акиши-күкүшү, шыв-шай-даары” деп чылк көзүн жуумп алып, туп-туура 8 минут транска түшүп кетти эле, Бабыркулова алдыдагы суусун бетине чачып араң эсине келтирди.

...Мен көрдүм даана көрдүм...Келатат...боз атчан...байланган калбыры бар...деп келатты эле Камышай алпаруучу дароо токтотту:

- Аа, калбыры болсо жарабайт. Бизге калбыр-салбыр, элек-пелеги жогу эле болсо. Эми сиз айтыңызчы...

Акыркы төлгөчү бал ачкан неме экен карталарын жая салып, анан балтанын чырымын ала коюп айтып турганы:

- Мына, мына...колдору устундай...буттары теректей тим эле...Башы...Ой шаты барбы шаты...

- Шатыны эмне кыласыз?

- Башы булутта жүрөт... Чыгып барып өңүн көрөт элем...

Камышай Бабыркулова а дегиче тиги неме ар жакта турган оператордун шатысына чыгып баратканын экрандан бир байкап калдык...Карса-күрс...тарса.. турс...

Бир маалда Камышай Бабыркулова кайра көрүнүп, “Баш бакан ким болорун көзү ачыктардын экинчи көрсөтүүсүндө айтып беребиз” дей салып өзү да жок болду...

Ошону менен саясат кызды...Өзгөчө көзү ачыкмын дегендер баланчаны, түкүнчөнү көрүп турам дешип өздөрүнчө эле дүрбөшүүдө...Камышай Бабыркулованын эмки көрсөтүүсүндө эмне дешер экен?

Пикир

Оставить комментарий