• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

ЭКККМК "Акнет компаниясын рейдерлик басып алуу" тууралуу жооп берди

Укук тартиби 0

Бишкек, 22.11.18. /Кабар/. Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү мамлекеттик кызматы “Акнет” компаниясын рейдерлик басып алууга жасалган аракет жөнүндө маалымат боюнча жообун берди.

ЭКККМК “Акнет” ЖЧКнын жетекчилерине жана жоопкерчиликтүү адамдарына карата 221-беренеде каралган кылмыш белгилери боюнча козголгон иликтенип жаткан кылмыш ишинин алкагында компаниянын кызматтык жайларында сот тарабынан санкцияланган тинтүү иштери жүрүп жатканын билдирди. Алар жетекчилик тарабынан ыйгарым укуктардан мамлекеттин кызыкчылыктарына каршы кыянаттык менен пайдаланылгандыгын, ири суммадагы салыкты төлөөдөн качкандыгын тастыктаган документтерди издешүүдө.

Пикир

Оставить комментарий