• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Тарых музейин жана ат майданын оңдоп-түзөө боюнча иш: Соттук отурум уланууда

Укук тартиби 0

Бишкек. 18.02.20. /Кабар/. Бүгүн, 18-февралда Биринчи май райондук сотунда мамлекеттик Тарых музейин жана Чолпон-Ата шаарындагы ат майданын оңдоп-түзөө иши боюнча соттук отурум уланууда.

Сотто судья Марат Сыдыков төрагалык кылууда.

Отурумда күбөлөрдөн сурак алуу уланууда. Учурда Архитектура, курулуш жана турак жай – коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин жетекчисинин мурдагы орун басары Алмаз Абдыкаров сурак берүүдө.

Эскерте кетсек, УКМКнын Башкы тергөө башкармалыгы Мамлекеттик тарых музейинин реконструкциясы боюнча Сапар Исаковго КР Кылмыш кодексинин 303-беренесинин 2-бөлүгү (оор жагдайларды жараткан коррупция) боюнча айып таккан. Мамлекетке жалпысынан 247 млн. сомдук зыян келтирилгени айтылат – тарых музейин оңдоп-түзөөдөн 101,6 млн сом жана ат майданы боюнча 145,9 млн сом.

Пикир

Оставить комментарий