• 88.68
  • 95
  • 0.95

ИИМ соцтармакта улут аралык кастыкты козуткан жаранды кармады

Укук тартиби 0

Бишкек, 04.09.23. /Кабар/. Ички иштер министрлиги социалдык тармакта улут аралык кастыкты козуткан 27 жаштагы А.С. аттуу жаранды кармады.

Ведомствонун маалыматына караганда, 2-сентябрда интернет желесинде белгисиз жарандын массалык маалымат каражаттарына регион аралык кастыкты козутуучу сөздөрдү айтып видеокайрылуу жасаган видеосу тараган.

Аталган факты Бишкек шаардык ИИББнын МЭЖне катталып, КР Кылмыш-жаза кодексинин 330-беренесинин (Расалык, этностук, улуттук, диний же региондор аралык кастыкты (араздашууну) козутуу) боюнча кылмыш иши козголгон.

Жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын натыйжасында ИИМдин кызматкерлери тарабынан 1996-жылы туулган А.С. аттуу жарандын өздүгү такталып, Бишкек ШИИББдин Тергөө кызматына жеткирилген.

Азыркы учурда тиешелүү тергөө иш-амалдары улантылууда.

Ички иштер министрлиги эскертет, мыйзам бузууларга, чагымчылдык жасоого аракеттенүүгө, коомдук тартипти бузууга байланышкан жагдайлар аныкталса мыйзам чегинде катуу чаралар көрүлөт.

Пикир

Оставить комментарий