• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

УКМК: Кыргызстанга күйүүчү майды мыйзамсыз өткөргөн каналдар аныкталды

Укук тартиби 0

Бишкек, 04.06.19. /Кабар/. Үстүбүздөгү жылдын 3-майында коңшу Казакстандан Кыргызстанга күйүүчү майды мыйзамсыз өткөргөн каналдар аныкталды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) басма сөз кызматы маалымдайт.

Билдирүүгө ылайык, ыкчам-тергөө иштеринин жүрүшүндө “Кант” темир жол станциясынан эки цистерна, жалпы көлөмү 120 тонна болгон күйүүчү жана майлоочу май кармалган.

"Аталган кылмыштык схеманын түзүүчүлөрү тарабынан Кыргызстандын аймагына 2000 тоннадан ашуун күйүүчү жана майлоочу май мыйзамсыз киргизилген", - деп кошумчалашты УКМКдан.

Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

Пикир

Оставить комментарий