• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Милиция кызматкерлери пара талап кылууга шектелип кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 24.09.19. /Кабар/. Милиция кызматкерлери пара талап кылууга шектелип кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

ИИМден белгилешкендей, 16-сентябрь күнү ИИМдин ички иликтөө кызматына Бишкек шаарынын Т.С. аттуу тургуну кайрылып, Октябрь районунун милиция кызматкерлери, ага карата кылмыш ишти токтотуу үчүн 5 миң доллар талап кылып жатканын билдирген.

Ал жарандын арызы Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестринде Кылмыш кодексинин 326-беренесинин 1-бөлүгү ("Пара талап кылуу") боюнча каттоого алынган.

23-сентябрь күнү кечки маал милиция кызматкерлери Экономикалык кылмыштар менен күрөшүү кызматынын кызматкерлери менен биргеликте, Ахунбаев менен Малдыбаев көчөлөрүнүн кесилишнде Октябрь районунун криминалдык милиция кызматынын үч кызматкерин – К.Э., Т.Э., Д.Н. кармашкан.

Кармалгандар тинтүүгө алынып, алардан 1 миң доллар табылган.

Аны менен бирге Финансы полициясына Октябрь райондук милициянын Тергөө кызматынын тергөөчүсү алынып келген. Анын иш бөлмөсүндө тинтүү жүргүзүлүп, Т.С. аттуу жаранга карата токтотулган сотко чейинки өндүрүш иши табылган. Сурак бергенден кийин, кармалгандар Бишкек шаардык милициянын убактылуу кармоочу жайына камакка алынган.

Пикир

Оставить комментарий