• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бишкекте алгачкы жолу сурдо спорту боюнча дүйнө чемпионаты өтүп жатат

Спорт 0

Бишкек, 04.09.23. /Кабар/. Бишкекте алгачкы жолу сурдо спорту боюнча дүйнө чемпионаты өтүп жатат.

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришкендей, күн мурун, 3-сентябрда министр Алтынбек Максутов Каба уулу Кожомкул атындагы спорт ордосунда эркин жана грек-рим күрөшү дисциплиналары боюнча өтүп жаткан сурдо спорту боюнча дүйнө чемпионатын ачты.

Министр алгач дүйнөлүк чемпонатка катышып жаткан бардык спортчуларга ийгилик каалады.

Ал өз сөзүндө сурдо спорту боюнча грек-рим жана эркин күрөш боюнча дүйнө чемпионаты Кыргызстанда биринчи жолу өтүп жатканын белгилеп, кыргыз сурдо спортунун 15 жылдык тарыхы бар экенине токтолду. 2007-жылы Эл аралык дүлөйлөр спорт кыймылынын төрагасы Дональд Амондсдун колдоосу менен Кыргызстанда сурдо спорту жанданып, “Кыргызстандын дүлөйлөр спорттук кыймылы” коомдук фонду түзүлүп, азыркы учурга чейин Арам Акопян ийгиликтүү жетектеп келе жатканын маалымдады. Мамлекеттин колдоосу менен Сурдо спорту Сурдлимпиадалык деңгээлге чыгып, көптөгөн ири эл аралык мелдештерге, дүйнө жана Азия чемпионаттарына катышып келе жатканын сыймыктануу менен белгиледи.

Ошондой эле министр спорт – бул ынтымактын жарчысы экенин айтып, дүйнө чемпионатынын ачык деп жарыялады.

Андан соң, өспүрүмдөр арасындагы финалдык беттештер орун алып, салтанаттуу сыйлоо аземи менен коштолду.

Белгилей кетсек, чемпионат 2-сентябрда башталып ага жалпысынан 13 өлкөдөн 250 спортчу катышууда. Алар Кыргызстан, Өзбекстан, Казакстан, Иран, Армения, Түркия, Монголия, Литва, Эстония, АКШ, Болгария, Азербайжан, Ирак жана Украинадан жана башка мамлекттерден келген балбандар .

Аталган мелдеште Кыргызстандын намысын 16 балбан коргоодо. Мүмкүнчүлүгү чектелген спортчулар үчүн бардык тиешелүү талаптар каралып, ыңгайлуу шарттар түзүлгөн.

Чемпионат 12- сентябрда жыйынтыкталмакчы.

Пикир

Оставить комментарий