• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бишкекте волейбол боюнча Азия-2018 Чемпионатына тандоо оюндары өтөт

Спорт 0

Бишкек, 26-май /Айжамал Дуйшоева - Кабар/. 26-28-майда Бишкекте волейбол боюнча Азия-2018 Чемпионатынын тандоо оюндары өтөт. Бул тууралуу КР Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин басма сөз кызматы билдирди.

Алардын маалыматы боюнча бул оюндарда Кыргызстан курама командасынын катарында 14 спортчу жана 2 орун алмаштыруучу спортчу бар.

А.Касеновдун айтымында, мелдештер Кыргызстан, Казакстан жана Пакистан курама командаларынын ортосунда бир жолдомо үчүн өтөт. “Жолдомону утуп алган команда Ирандагы Азия чемпионатына катышат. Күчтүү команда жеңет деп ишенем. Бардык уюштуруу иштери аяктады. Оюндарды баштоо гана калды. Жолдомо үчүн кызыктуу күрөш күтүп турат деп ишенем”, - деди ал.

26-майда биринчи оюн өтөт. Анда Кыргызстан менен Пакистандын курама командалары беттешет. Ал эми оюндардын ачылышы 18:00дө.

Пикир

Оставить комментарий