• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Ч.Турсунбеков Чехия Сенатынын Төрагасы менен жолугушту

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 26-май /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин Төрагасы Чыныбай Турсунбеков Чех Республикасындагы расмий иш сапарынын алкагында аталган өлкөнүн Сенатынын Төрагасы Милан Штех менен жолугушту. Бул тууралуу ЖК басма сөз кызматы билдирди.

Жылуу маанайда өткөн жолугушууда тараптар кыргыз-чех алакаларынын азыркы абалына токтолуп, парламенттер аралык кызматташтыкты арттыруу маселелерин талкуулашты.

Жогорку Кеңештин Төрагасы Чыныбай Турсунбеков Сенат Төрагасына жогорку деӊээлде уюштурулган жолугушуу үчүн ыраазычылык билдирип: "Бул расмий иш сапар алакалардын мындан аркы өнүгүшүнө жаӊы мүмкүнчүлүктөрдү түзөт деген ишеничтемин. Анткени, Чех Республикасы менен болгон кызматташтыкты кеӊейтүү Кыргызстандын тышкы саясатындагы артыкчылыктуу багыттардын бири", - деди.

Эки өлкөнүн тарыхы да бири-бири менен байланышта экенин эске салган Жогорку Кеңештин Төрагасы: "Кыргыз-чех кызматташтыгынын башаты өткөн кылымдын башына барып такалат. 1923-жылы чехословакиялык жумушчулар түптөгөн “Интергельпо” кооперативи Кыргызстандын өнөр жайына жана борбор шаарыбыздын инфрастүзүмдүк курулуштарына өзгөчө салым кошкон. Андан тышкары, кыргыз эли чехтердин улуттук баатыры Юлиус Фучикти эки элдин достугун чыӊдаган улуу инсан катары көрөт", - деп кошумчалады.

Ал эми парламенттер аралык байланыш маселелерине токтолгон Чыныбай Турсунбеков: "Кыргызстан эгемендүүлүктү алган 25 жыл аралыгында ар кандай саясий окуяларды башынан кечиргени менен акыркы жылдары өлкөбүздө туруктуулук орноп, парламенттик-демократиялык өнүгүү жолун тандап алдык. Бул жааттагы кызматташтыкты өнүктүрүү менен бирге парламенттеги тармактык комитеттердин жана фракциялардын алкагындагы байланыштарды күчөтүп, депутаттык достук топторунун ишин да өнүктүрүү башкы максатыбыз болушу керек. Өзгөчө эки өлкөнүн парламент аппараттарынын кызматкерлери арасында тажырыйба алмашуу өнөктүгүн колго алышыбыз шарт", - деди.

Ошондой эле жолугушууда соода-экономикалык байланыштар талкууга алынып, тараптар эки мамлекет ортосундагы инвестициялык алакаларды өнүктүрүү керектигине басым жасашты. Жогорку Кеӊеш Төрагасы экономиканын туруктуу өнүгүшүнө зарыл болгон баардык шарттар түзүлгөнүн белгилеп, Кыргызстандагы чет элдик инвесторлордун ишмердүүлүгү Өкмөт тарабынан корголуп, Жогорку Кеӊеш тарабынан мыйзамдык колдоого алынарын билдирди. Буга кошумча Кыргызстандын 180 миллион калкы бар Евразиялык экономикалык бирликке мүчө экенин жана Европа биримдигинин жалпы преференциялар системасы (ВСП+) макамына да ээлик кыларын эске салган Чыныбай Турсунбеков чех инвесторлорун кызматташууга чакырды.

Андан сырткары, жолугушууда маданий-гумантардык алакалардын абалы тууралуу да сөз жүрүп, Жогорку Кеӊеш Төрагасы 2017-2018-окуу жылына карата Чехиядагы жогорку окуу жайларга бекер окууга үч гранттык орун бөлгөндүгү үчүн ыраазычылык билдирди.

Өз кезегинде Чехия Сенатынын Төрагасы Милан Штех Төрага баштаган Жогорку Кеӊеш делегациясынын иш сапары үчүн ыраазычылык билдирип, Чыныбай Турсунбековго жана жалпы кыргызстандыктарга жакында эле Өзгөн районунун Аюу айылында катталган табигый кырсыктын курмандыктарына байланыштуу көӊүл айтты.

Ал Чехия тараптын Кыргызстан менен ар тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүүгө кызыкдар экенин белгилеп: "Чехия жарандары үчүн виза режиминин алынышы бизди өтө кубандырды. Сиздердин мындай колдооӊуздар жоопсуз калбайт жана биз да кыргызстандыктар үчүн тиешелүү жеӊилдиктерди берүү жаатында иш алып барып жатабыз", - деди. Ал эми тармактык алакаларды арттыруу багытында ой бөлүшкөн Сенат Төрагасы, медицина, заманбап технология, билим берүү жана илим жаатында кызматташууга даяр экендиктерин билдирди. "Айрыкча биз энергетика жана жол куруу тармактары боюнча чоӊ тажырыйбага ээбиз. Кыргызстанда аталган багыттарда ири жана чакан долбоорлорду ишке ашырууга кызыкдарбыз" - деп кошумчалады ал. Мындан сырткары, чех тарап кош салыкты жоюу жана инвестицияны коргоо багытындагы макулдашууларды бекитүүнүн маанилүүлүгүн белгилешти.

Эске салсак, Жогорку Кеңештин Төрагасы Чыныбай Турсунбеков баштаган расмий делегация курамында Жогорку Кеӊештин депутаттары Салайдин Айдаров, Кенжебек Бокоев, Зиядин Жамалдинов, Бакытбек Жетигенов, Кубанычбек Жумалиев, Жунус уулу Адыл жана Бахадыр Сулейманов бар.

Пикир

Оставить комментарий