• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Жогорку Кеңеш президентке Эдил Байсаловду кызматтан алуу сунушун берди

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 22.06.23. /Кабар/. Жогорку Кеңештин депутаттары президент Садыр Жапаровго министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсаловду парламентке карата чуулгандуу сөздөрү үчүн кызматтан алуу сунушун берди.

Кызматтан алуу сунушуна карата 72 депутат "макул", ал эми 3 депутат "каршы" добуш беришти.

Эскерте кетсек, ушул жумада ЖКнын Социалдык саясат боюнча комитеттин жыйынында депутаттар менен Эдил Байсаловдун ортосунда кайым айтышуу болуп, анда министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары депутаттарды аны менен элдин атынан сүйлөшпөөнү айткан.

"Бизде эл тарабынан шайланган президент бар. Аткаруу бийлиги - бул президент жана ал министрлер кабинетин түзөт. Мага элдин атынан президент баа берет. Биз мамлекет башчынын программасын аткарабыз. Жогорку Кеңештин комитеттеринин токтомдору кеңеш берүүчү мүнөзгө ээ", - деген Байсалов.

Кечээ ЖК төрагасы Нурлан Шакиев жыйында министрлер кабинетинин мүчөлөрү парламенттин ар намысына жана кадыр-баркына шек келтирүүгө укугу жок экенин айткан.

Пикир

Оставить комментарий