• 88.68
  • 95
  • 0.95

Марат Иманкулов Москвада КМШ өлкөлөрүнүн коопсуздук кеңештеринин катчыларынын жолугушуусуна катышты

Саясат 0

Бишкек, 11.11.23. /Кабар/. Кыргызстандын Коопсуздук кеңешинин катчысы Марат Иманкулов Москва шаарында өткөн КМШга мүчө-мамлекеттердин коопсуздук кеңештеринин катчыларынын он биринчи жолугушуусуна катышты.

Иш-чаранын жүрүшүндө дүйнөдө жана Шериктештик мейкиндигинде эл аралык коопсуздуктун чакырыктары жана коркунучтары, гибриддик коркунучтардын өсүү шарттарында КМШ мамлекеттеринин коомдук-саясий туруктуулугун камсыздоо, КМШ мейкиндигинде биологиялык коркунучтарга каршы туруу маселелери талкууланып, ошондой эле суу пайдалануу жана суу ресурстарын биргелешип башкаруу, пайдалануу жана коргоо чөйрөсүндө кызматташуу маселелери айтылды.

Марат Иманкулов өз сөзүндө Шериктештик мейкиндиги гибриддик согуштун ар кандай куралдарынан келип чыккан кыйратуучу факторлордун туруктуу жана системалуу таасири астында турганын белгиледи. Барган сайын аймакты алсыратуу аракеттери күч алууда. Мындан тышкары, наркотрафик, курал-жарак сатуу жана уюшкан кылмыштуулук сыяктуу трансулуттук коркунучтар улуттук эгемендүүлүктү сактоо жана чек ара коопсуздугун камсыз кылуу маселелери сыяктуу эле КМШ өлкөлөрү үчүн да актуалдуу бойдон калууда.

Коопсуздук кеңешинин катчысы жаңжалдарга альтернатива катары мамлекеттер аралык диалогду улантуунун маанилүүлүгүн баса белгиледи. Ошол эле учурда кырдаалды жөнгө салуунун аскердик эмес ыкмалары жана дипломатиялык аракеттер үстөмдүк кылышы керек, анткени кырдаал ансыз деле курч бойдон. Шериктештик өлкөлөрү чакырыктарга жана коркунучтарга каршы күрөшүү багыттары боюнча өз позицияларын салыштырып текшерип, жакынкы келечекке биргелешкен кадамдарды макулдашуу үчүн мындан ары ар кандай мүмкүнчүлүктөрдү издөөсү зарыл.

Пикир

Оставить комментарий