• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

КР жана Түркия ортосундагы экономикалык кызматташтык боюнча иш-чаралар планын ишке ашыруу талкууланды

Саясат 0

Бишкек, 02.02.22. /Кабар/. КРнын Түркиядагы элчиси Кубанычбек Өмүралиев Түркиянын вице-президенти Ф.Октайдын башкы кеңешчиси Халил Афшарата менен жолугушту. Бул тууралуу элчиликтин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, жолугушууда тараптар соода-экономикалык кызматташтык боюнча кыргыз-түрк Өкмөттөр аралык комиссиясынын (ӨАК) 10-жыйынынын алкагында жетишилген макулдашууларды ишке ашыруунун, ошондой эле аталган ӨАКтын отурумунда кабыл алынган Кыргызстан жана Түркия ортосундагы экономикалык кызматташтык боюнча иш-чаралар планын ишке ашыруунун жүрүшүн талкуулашты.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар кыргыз-түрк ӨАКнын алкагында бир катар маселелерди чечип, ӨАКтын иш-чаралар планын ишке ашырууну тездетүү боюнча макулдашышты.

Пикир

Оставить комментарий