• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Казакбаев БА өлкөлөрүнүн жана АКШнын ТИМ башчыларынын онлайн форматтагы жолугушуусуна катышты

Саясат 0

Бишкек, 24.04.21. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министри Руслан Казакбаев Борбордук Азия өлкөлөрүнүн жана АКШнын («С5+1») тышкы саясий ведомстволорунун башчыларынын онлайн форматтагы жолугушуусуна катышты. Бул тууралуу КР ТИМдин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, жолугушуунун катышуучулары COVID-19 пандемиясынын кесепеттери жеңүүдө коопсуздукту, экономикалык өнүгүүнү, кызматташууну кошо алуу менен, региондук күн тартибинин, ошондой эле климаттын өзгөрүү тематикасынын актуалдуу маселелерин талкуулашты.

Министр Казакбаев COVID-19дан улам жаралган экономикалык катаалдыктарды эске алуу менен, практикалык маңыздын форматынын алкагында өз ара аракеттенүүнү күчөтүүнү сунуштап, күн тартибине ылайык Кыргыз Республикасынын улуттук артыкчылыктарын баяндап өттү.

Алсак, Афганистандын бейпил жашоосун өнүктүрүүгө көмөк көрсөтүү катарында министр АКШнын көмөгү астында Кыргызстан менен Афганистандын ортосунда конкреттүү инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруунун маанилүүлүгүн белгиледи.

COVID-19 пандемиясынын кесепеттерин жеңүү маселелери боюнча дүйнө жүзүндө коронавирустун вакциналарын калыс жана текши жайылтуу, вакциналарга бирдей жетүүнү камсыз кылуу зарылдыгы жөнүндө Кыргыз Республикасынын көз карашы айтылды.

Пандемия кесепеттери тематикасын улай, Казакбаев экономикалык чөгүү байкалган шарттардагы өнүгүп келе жаткан өлкөлөр үчүн карыздык оордуктарды жеңилдетүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи. Бул максаттар үчүн экология жана климаттын өзгөрүшү чөйрөсүндөгү долбоорлорго карыздарды алмаштыруу ыңгайлуу механизм болмок.

Жалпысынан, климаттын өзгөрүшү маселелеринде БУУнун Башкы Ассамблеясы тарабынан 2021-жылдын 16-апрелинде Кыргыз Республикасы тарабынан демилгеленген «Жаратылыш чек араны билбейт» деген аталыштагы резолюцияны бир добуштан кабыл алынышы оң өңүттө белгиленди.

Ошондой эле БУУнун алкагында 2022-жылды Эл аралык тоо жылы деп жарыялоо жөнүндө жаңы резолюцияны демилгелей турган, ошондой эле 2022-жылы Экинчи бишкектик глобалдуу тоо саммитин өткөрө турган Кыргыз Республикасынын ниети тууралуу жар салынды. Бийик өлкөлөрдүн тоо экосистемасындагы муздарды сактоо, ошондой эле калдык сактагычтар тарабынан болуучу коркунучтарды төмөндөтүү боюнча биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу зарылдыгы өз алдынча белгиленди.

Жолугушуунун катышуучулары актуалдуу региондук көйгөйлөрдү биргелешип жеңүү зарылдыгына макул болушту, ал, жолугушуунун жыйынтыгы боюнча кабыл алынган жыйынтыктоочу билдирүүдө чагылдырылды.

Пикир

Оставить комментарий