• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Тышкы иштер министри Айдарбеков Финляндиянын Өнүгүү жана тышкы соода министри менен жолугушту

Саясат 0

Бишкек, 24.09.19. /Кабар/. Күн мурун Нью-Йорк шаарында Кыргызстандын Тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков менен Финляндиянын Өнүгүү жана тышкы соода министри Вилле Скиннери жолугушкан. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматы билдирди.

Эки өлкөнүн министрлери БУУнун Башкы Ассамблеясынын 74-сессиясынын аянтчасында жолугушту. Тараптар эки тараптуу өз ара аракеттенүү, анын ичинде Кыргызстандын премьер-министринин жакынкы келечекте Финляндияга боло турган иш сапарын уюштуруу маселелеринин кеңири чөйрөсүн талкуулашты.

Айдарбеков парламенттер аралык байланыштар, тоо-кен иштетүүдө экологиялык коопсуздукту камсыз кылуу, гидроэнергетика, энергиянын кайра жаралуу булактары, "жашыл экономика" сыяктуу жана башка багыттарда өз ара пайдалуу кызматташууну мындан ары өнүктүрүү зарылчылыгына басым жасады.

Тажрыйба жана Финляндия технологиялары менен алмашуу боюнча кыргыз өнөктөштөр менен алдыңкы финн компанияларынын ортосундагы ар кандай жааттардагы байланыштарды өнүктүрүүнүн Кыргызстан үчүн маанилүүлүгүн белгиледи.

Тараптар үзгүлтүксүз байланыштарды колдонуу, ошондой эле, эки жана көп тараптуу форматта кызматташууну улантууну макулдашышты.

Пикир

Оставить комментарий