• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кыргызстандын элчиси Казакстандын ТИМ башчысынын орун басарына ишеним грамотасынын көчүрмөсүн тапшырды

Саясат 0

Бишкек, 07.09.21. /Кабар/. Кыргызстандын Казакстандагы элчиси Дастан Дюшекеев Казакстандын тышкы иштер министринин орун басары Алмас Айдаровго ишеним грамотасынын көчүрмөсүн тапшырды. Бул тууралуу дипломатиялык өкүлчүлүктөн билдирди.

Жолугушуунун алкагында тараптар эки тараптуу кызматташуунун бардык спектри боюнча, анын ичинде дүйнөдө пандемиянын фонунда экономика жана инвестиция тармагындагы кыргыз-казак мамилелеринин учурдагы абалын жана келечегин талкуулашты.

Жолушууну аяктап жатып, Казакстандын тышкы саясий ведомствосунун башчысынын орун басары Айдаров Дастан Дюшекеевди Казакстандагы дипломатиялык миссиясынын башталышы менен куттуптап, ишмердүүлүгүндө ийгиликтерди каалады.

Өз кезегинде элчи Дюшекеев Кыргызстан менен Казакстандын ортосундагы мамилелерди мындан ары чыңдоо жана өнүктүрүү үчүн зарыл болгон аракеттерди көрүүгө даярдыгын билдирди.

Пикир

Оставить комментарий