• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

8-сентябрда Нарында II “Ийгиликке кадам” медиафоруму башталат

Аймак 0

Бишкек, 07.09.21. /Кабар/. 2021-жылдын 8-сентябрында Нарын шаарында республикалык II “Ийгиликке кадам” медиафоруму өз ишин баштайт. Кыргыз тилдүү журналисттердин 2 күндүк форумунда аймактык медианын учурдагы абалы жана келечеги тууралуу сөз болмокчу.

Белгилүү кыргыз жана чет өлкөлүк медиа адистер социалдык тармактар жана медиа, медиадагы кастык тил маселеси, гендердик маселелерди жана майыптык теманы туура чагылдыруу, юридикалык жана санариптик коопсуздук, COVID-19 пандемиясы учурундагы медианын каражат булактары жана каржылоонун моделдери, шайлоону чагылдыруу маселелери сыяктуу темалар боюнча өз ойлору менен бөлүшүп, алар боюнча талкуулар уюштурулмакчы.

Форумдун жүрүшү, анда көтөрүлгөн маселелер, талкуулар тууралуу кенен маалыматтарды “Кабар” улуттук маалыматтык агенттиги, “ПолитКлиника Медиа”, Prevention Media сайттары жана “Марал ФМ” радиосунан алса болот. Аталган медиалар Нарындагы иш-чаранын маалыматтык өнөктөштөрү болуп эсептелет.

Ошондой эле медиафорумдун жүрүшүн 8-9-сентябрда “Журналисттер” КБнын фейсбуктагы баракчасындагы түз эфирден көрсө болот.

II “Ийгиликке кадам” медиафорумуна республикабыздын булуң-бурчунан 70ге жакын кыргыз тилдүү журналисттер менен медиа адистердин катышуусу күтүлүүдө.

Нарындагы медиа иш-чаранын өткөрүлүшүнө IFEX, USAID, IFES, ЕККУнун Бишкектеги Программалык офиси, Жарандык коомдун Прагадагы борбору жана Kyrgyz Concept сыяктуу эл аралык уюмдар жана кыргызстандык жеке компаниялар көмөк көрсөтүшүүдө.

Эскерте кетсек, «Ийгиликке кадам» медиафоруму – кыргыз тилдүү журналисттердин маселелерин талкуулоо жана алардын кесипкөйлүгүн жогорулатуу максатындагы республикалык иш-чара болуп эсептелет. Аны өткөрүү демилгеси “Журналисттер” КБга таандык. Медиа форум ар эки жылда бир жолу облустардын биринде өткөрүлүп турат. I Медиафорум 2019-жылы Ош шаарында өткөрүлүп, ал өлкөбүздүн ийгиликүү медиаларынын иш тажрыйбасы менен бөлүшүүгө арналган болчу.

Иш-чара тууралуу кененирээк маалыматты форумдун сайтынан таба аласыздар.

Пикир

Оставить комментарий