• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Ош: Жашоочуларды үзгүлтүксүз жана арзан көмүр менен камсыз кылуу көзөмөлдөнүүдө

Аймак 0

Бишкек, 12.11.21. /Кабар/. КР президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн тапшырмасы менен ачылган социалдык көмүр базалардын ишмердүүлүгү көзөмөлдөнүүдө. Бул тууралуу өкүлчүлүктүн басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Ош облусунун башчысы Зиядин Жамалдинов жарандарга жеткиликтүү баада көмүр сатуучу базаларды жеринде көрүп, Ош облусунун тургундарын үзгүлтүксүз жана арзан көмүр менен камсыз кылууну көзөмөлдөп жатат.

Зиядин Жамалдиновдун тапшырмасы менен өкүлдүн орун басарлары да жер-жерлерде ачылган социалдык көмүр базаларды текшерип жатышат.

Белгилей кетсек, Ош облусунун аймагында калкты арзан көмүр менен камсыз кылуу максатында 30 социалдык көмүр базалары иштеп жатат. Аталган базаларда көмүрдүн баасы 3,5 сомдон 5,5 сомго чейин сатылууда.

Пикир

Оставить комментарий