• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Нарын облусунун эки айылында ФАП курулду

Аймак 0

Бишкек, 25.03.18. /Кабар/. Нарын облусунун Ак-Талаа районунун Эмгек жана Ат-Башы районунун Бирлик айылдарында кечээ фельдшердик-акушердик пункттун ачылышы өттү. Бул тууралуу КР Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Ачылыш салтанатына Түркиянын премьер-министринин Аппаратына караштуу Түрк эл аралык кызматташтык агенттигинин директорунун орун басары Мехмет Сюррей Эр жана ТИКАнын Бишкектеги кеңсесинин координатору Али Муслу, Өкмөттүн Нарын облусундагы өкүлү Аманбай Кайыпов, эки райондун акимдери, вице-мэрлер ж.б. катышты.

Ар бир ФАПтын курулушуна жана жабдууга ТИКА 2 млн 228 миң сомдон бөлгөн

Пикир

Оставить комментарий