• 88.68
  • 95
  • 0.95

Баткенге гумжардам. ӨКМ шылуундар пайда болуп жатканын эскертти

Аймак 0

Бишкек, 04.05.21. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Бишкектеги маалымат жыйында өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Урматбек Шамырканов кыйын учурдан пайдаланып шылуундар пайда болуп жатканын эскертти.

Анын айтымында, Өзгөчө кырдаалдар министрлиги эч кандай чогултуу иштерин жүргүзбөйт, ал координация кылат.

“Чогултуу иштерди “Баткенге көмөк” штабы аткарат. Бир жерге чогултуу керек экендигин айтып жаткандыгыбыздын себеби баары катталышы зарыл. Анткени, максаттуу пайдалануу жана жеткирүүнү камсыздашыбыз кажет. Экинчиден шылуундар да пайда болуп жатат. Ошондуктан баары бирдиктүү болушу керек”, - дейт ал.

Шамырканов Баткенде 900 тоннадай гуманитардык жардам чогултулганын айтып өттү.

Эскерте кетсек, 28-апрелде Баткен районунун Көк-Таш айылындагы суу бөлүштүрүүчү жайга Тажикстандын жарандары видеокөзөмөл орното баштаган. Ага кыргызстандыктар каршы чыгышкан, көп өтпөй эки элдин жарандары бири-бирине таш ыргытуудан абал курчуп кеткен.

Акыркы маалыматтарга караганда, кыргыз-тажик чек арасындагы чырдан жалпы 189 адам жабыркап, алардын 36сы набыт болгон. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, Баткен аймагында жалпы 120 турак үй, 2 мектеп, 1 ФАП, 1 бала бакча, 1 ИИМ имараты, 4 чек ара заставасы, 1 медициналык борбор, 1 тиш оңдоочу бөлүм, 2 даарыкана, 1 өрт өчүрүүчү бөлүм, 27 май куюучу жай, 34 соода түйүнү, 5 ашкана жана 3 тойкана күйгөн жана жабыркаган.

1-майда УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев Тажикстандын УКМК башчысы Саймумин Ятимов менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, 4 пункттан турган протокол кабыл алынганын айткан. Ошол эле күнү Тажикстанда барымтада турган Лейлек районунун Интернационал айылынын башчысы жана 9 жергиликтүү тургун кайтарылган.

Бүгүн, 4-майга карата Баткен облусунун бардык райондорунда жана айылдарында, мамлекеттик чек арасынын кыргыз-тажик тилкесинде кырдаал туруктуу. Тараптар мамлекеттик чек ара тилкесинен аскер техникаларын чыгарып кетүү иштерин аякташты.

Баткен районунун Орто-Боз айылында Коргоо министрлигинин саперлор тобу буга чейин жарылбай калган снаряддарды зыянсыздандыруу иштерин жүргүзүүдө. Буга байланыштуу министрлик чек ара аймактарында жашаган кыргызстандыктардан жарылуунун үнүн укканда дүрбөлөңгө түшпөөнү суранат.

Пикир

Оставить комментарий