• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

КР ТИМ башчысы Жээнбек Кулубаев ШКУ башкы катчысы Чжан Минди кабыл алды

Саясат 0

Бишкек, 27.05.22. /Кабар/. Бүгүн, 27-майда Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Шанхай кызматташтык уюмунун (ШКУ) башкы катчысы Чжан Минди кабыл алды. Бул тууралуу КР ТИМдин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, тышкы иштер министри Ж.Кулубаев Кыргызстан ШКУга катышуусуна өзгөчө маани бере тургандыгын жана ШКУнун Хартиясында, ынак коңшулук, достук жана кызматташтык жөнүндө келишимде жана ШКУнун башка документтеринде камтылган бардык багыттар боюнча Уюмга мүчө мамлекеттердин ортосундагы кызматташтыкты мындан ары тереңдетүүгө тастыктай тургандыгын белгиледи.

Ал ШКУнун МБК чечимдерин ишке ашыруунун, анын ичинде Бишкек шаарында эл аралык уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү борборунун мекемесин иштеп чыгуунун маанилүүлүгүн баса белгиледи.

Тараптар ШКУнун алкагында дээрлик бардык тармактарда активдүү өз ара аракеттенүү ишке ашырылып жаткандыгын, бул коопсуздук, терроризмге, баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү, гуманитардык, билим берүүдө, саламаттыкты сактоодо, маданият, айлана-чөйрөнү коргоо маселелери жана башка көптөгөн маселелер экендигин белгилешти.

Жолугушуунун жүрүшүндө Шанхай кызматташтык уюмунун алкагында өз ара аракеттенүүнүн актуалдуу маселелери талкууланды, ошондой эле 2022-жылга мындан аркы кызматташуу боюнча пландар белгиленди.

Пикир

Оставить комментарий