• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Ошто театр кызматкерлери сыйланды

Коом 0

Бишкек, 27-март /Кабар/. Бүгүн, 27-март Ош шаарындагы улуттук драм театрнда бүткүл дүйнөлүк театр күнү белгиленип, театр кызматкерлери сыйланды. Ага Ош улуттук драм театрынын, Бабур атындагы өзбек музыкалуу-драм театрынын, куурчак театрнын, “Келечек” балдар чыгармачыл борборунун кызматкерлери келип катышты. Бул тууралуу Ош шаарынын мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.

“Ыйман, адеп жана маданият” жылынын алкагында өткөрүлүп жаткан маданий иш-чараларга кошкон салымы үчүн бир катар театр кызматкерлери Ош шаарынын мэриясынан атынан ардак грамота жана акчалай сыйлыктар менен сыйланды.

Пикир

Оставить комментарий