• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Ар бир жетинчи жаран. Өткөн жылы китепканаларда 1 млн 57 миң окурман болду

Маданият 0

Бишкек, 01.02.22. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. 2021-жылы өлкө аймагындагы китепканаларда колдонуучулардын тейлөө көрсөткүчү 1 млн 57 миң адамдан турду. Бул тууралуу “Кабар” агенттигиндеги маалымат жыйынында маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Азамат Жаманкулов билдирди.

Анын айтымында, ал сан Кыргызстандын калкынын дээрлик 16 пайызын түздү, башкача айтканда, ар бир жетинчи жаран коомдук китепканаларга окурман катары кирди.

“Китепканаларды өнүктүрүү борборлору айыл жергесинде мектеп жашына чейинки балдарды окутуп, жайкы лагерлерди уюштурууда. Мындан сырткары, 2022-жылы электрондук китепкананы иштетебиз. Окурмандар китептерди уюлдук телефону же ноутбугу аркылуу окуй ала турган деңгээлге жеткиргени турабыз. Бардык китепканалар бири-бири менен байланышта болот”, - деди Жаманкулов.

Министр 2021-жылы 5 млн 700 миң сомго жаңы китептер басылып чыкканын, 10 млн сомго жаңы китептер сатылып алынып, китепканаларга таратылганын маалымдады.

Белгилей кетсек, Кыргызстандагы китепканаларда жалпы 19 млн китеп бар.

Пикир

Оставить комментарий