• 88.68
  • 95
  • 0.95

Нарын облустук милициясынын жетекчиси жумушчу сапары менен Ак-Талаа районуна барды

Аймак 0

Бишкек, 15.04.22. /Кабар/. Бүгүн, 15-апрелде Нарын облустук ички иштер башкармалыгынын начальниги Алмазбек Жумабеков жумушчу сапары менен Ак-Талаа райондук ички иштер бөлүмүндө болуп, анда өздүк курам менен жолугушту.

Нарын облустук милициясынын басма сөз кызматы билдиргендей, начальник аткарылып жаткан иштер боюнча маалыматтар менен таанышып, жетекчилик тарабынан берилген тапшырмаларды кынтыксыз аткарууга чакырып өттү.

Ошондой эле ИИМ тарабынан берилген тапшырмаларды, коюлган талаптарды өз убагында аткарууга алып, милициянын көчмө кабылдамасы менен калк арасында профилактикалык түшүндүрүү иштерин күчөтүү, элге сервистик тейлөөлөрдү көрсөтүү менен сылык мамиле кылуу жана ар бир жарандардын кайрылууларына жоопкерчиликтүү мамиле кылууну баса белгилеп өттү.

Мындан тышкары ИИМ тарабынан атайын алынып келинген жаңы үлгүдөгү формалар Ак-Талаа РИИБнүн Коомдук коопсуздук кызматынын милициянын аймактык ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө (аймактык тескөөчүлөрү) жана балдар иштери боюнча инспекторлоруна берилип жана материалдык-техникалык жабдыктар (компьютер, түстүү принтер) тапшырылды.

Андан соң Жумабеков облус жетекчисинин катышуусу менен өлкө башчысынын "Жашыл мурас" өнөктүгүнүн алкагында райондун борборуна карагайдын көчөттөрүн отургузууга катышты. Учурда Ак-Талаа эли менен райондук маданият үйүндө жолугушуу өткөрүлүп жатат.

Пикир

Оставить комментарий