• 88.15
  • 95.79
  • 0.98

Бишкектеги Ford унаасы сүзүп кеткен милиция кызматкеринин абалы туруктуу

Кырсык 0

Бишкек, 15.04.22. /Кабар/. Бишкекте күн мурун Ford унаасы сүзүп кеткен милиция кызматкеринин абалы туруктуу. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине Ленин райондук милициясынан кабарлашты.

Кесиптештеринин айтымында, учурда ал өзүнө келди. Милиция кызматкери шаардык ооруканада тиешелүү дарылануудан өтүүдө.

Эскерте кетсек, кечээ, 14-апрелде Бишкектин Гагарин көчөсүндө Ford Mondeo үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу (аял киши) милиция кызматкерин сүзүп алган.

Пикир

Оставить комментарий