• 88.68
  • 95
  • 0.95

“Тазалык” муниципалдык ишканасынын жетекчилиги кызматынан бошотулду

Кадр саясаты 0

Бишкек, 15.04.22. /Кабар/. “Тазалык” муниципалдык ишканасынын директору Азат Сагынов кызматтан бошотулду. Бул тууралуу “Тазалыктын” кызматкерлери тарабынан өткөрүлүп жаткан митинг учурунда Бишкектин турак жай-коммуналдык чарба боюнча вице-мэри Жамалбек Ырсалиев билдирди.

Анын айтымында, ишкананын директорунун орун басары Болот Одуракаев дагы кызматтан бошотулду.

Белгилей кетсек, бүгүн эртең менен “Тазалык” муниципалдык ишканасынын кызматкерлери ишке чыккан эмес жана ишкананын аймагында митинг өткөрүшкөн.

Акциянын жүрүшүндө кызматкерлер ишкананын жетекчилигинин бат-бат алмашып жатканын, бул компетенттүү эместигин, айлык акы кечиктирилип, унааларды оңдоого акча бөлүнбөй жатканын айтышты.

Азат Сагынов “Тазалык” муниципалдык ишканасынын директору болуп 2021-жылдын декабрында дайындалган.

Пикир

Оставить комментарий