• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Спорт агенттигинин жаштар саясаты боюнча директорунун орун басары болуп Токтоналиев дайындалды

Кадр саясаты 0

Бишкек, 13.11.20. /Кабар/. Самат Токтоналиев Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттигинин жаштар саясаты боюнча директорунун орун басары болуп дайындалды. Бул тууралуу аталган агенттиктен билдиришти.

Эске салсак, 2020-жылдын 2-ноябрында Мирлан Парханов берген арызынын негизинде мамагенттиктин директорунун орун басары кызматынан бошотулган.

Тиешелүү буйруктарга президенттин милдетин аткаруучу, премьер-министри Садыр Жапаров кол койду.

Самат Токтоналиев 1979-жылдын 24-июнунда Нарын шаарында төрөлгөн.

Билими жана квалификациясы:

В.П.Чкалов атындагы №2 мектепти бүтүргөн.
2003-2004-ж. – Кыргыз Республикасынын президентине караштуу Мамлекеттик башкаруу академиясы, Мамлекеттик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу боюнча мастер, (академиялык даражасы "Магистр").
1996-2001-жж. – Нарын мамлекеттик университети, юридикалык жогорку билим.

Адистиги боюнча юрист.

Пикир

Оставить комментарий