• 88.68
  • 95
  • 0.95

Кыргызстандын күч түзүмдөрүндө милиция кызматкерлерин ротациялоо уланууда

Кадр саясаты 0

Бишкек, 06.03.23. /Кабар/. Кыргызстандын күч түзүмдөрүндө милиция кызматкерлерин ротациялоо уланууда. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.

Министрликтин буйруктарына ылайык, Кенжебай Абдуллаев Ош облусунун Араван РИИБдин начальниги кызматынан бошотулуп, Баткен облусунун Кызыл-Кыя ШИИБдин начальниги кызматына дайындалды.

Нурланбек Бурканов Баткен облусунун Кызыл-Кыя ШИИБдин начальниги кызматынан бошотулуп, Ош облусунун Араван РИИБдин начальниги кызматына дайындалды.

Уланбек Коноев Нарын облусунун Жумгал РИИБдин начальниги кызматынан бошотулуп, Жалал-Абад облусунун Ноокен РИИБдин начальниги кызматына дайындалды.

Медербек Муратов Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон РИИБдин начальниги кызматынан бошотулуп, Талас облусунун Талас ШИИБдин начальниги кызматына дайындалды.

Асрор Тантиев Талас облусунун Талас ШИИБдин начальниги кызматынан бошотулуп, Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон РИИБдин начальниги кызматына дайындалды.

Алтынбек Мусаев Жалал-Абад облусунун Ноокен РИИБдин начальниги кызматынан бошотулуп, Нарын облусунун Жумгал РИИБдин начальниги кызматына дайындалды.

“Жаңы дайындалган жетекчилерге коомдук тартипти сактоого, кылмыштуулук менен күрөшүүгө жана аны алдын алууга, кылмыштардын бетин ыкчам ачууга, кылмыштуу кол салууларды болтурбоого арналган – санарип тутумун бекемдөө, райондордогу негизги жерлерге видеокамераларды орнотуу, жарандардын арыз-кайрылууларына өз убагында жооп берүү жана милициянын көчмө кабылдамалары менен жарандарды кабыл алуу, алар көтөргөн маселелерди чечүү тапшырмалары берилди”, - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий