• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Талас облусунда 8,7 кг баңгизат менен жергиликтүү тургун кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 06.03.23. /Кабар/. Талас облусунда 8 кг ашык баңгизат сатууга аракеттенген жаран кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, үстүбүздөгү жылы 7-февраль күнү ИИМдин Баңгизатты мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү башкы башкармалыгынын кызматкерлерине Кара-Буура районунун аймагында "М" аттуу жаран баңги каражаттарын мыйзамсыз сатуу менен алектенип жаткандыгы тууралуу маалымат түшкөн.

Аталган факты боюнча КР Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренесинин 3-бөлүгү ("Баңги каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатуу максатында мыйзамсыз даярдоо") каралган кылмыштын белгилери менен кылмыш иши козголгон.

Козголгон кылмыш ишинин алкагында 8-февралда саат 15:30 чамасында Кара-Буура районунда өз үйүндө баңгизат сатууга аракет кылып жаткан Ж.М. аттуу шектүү жаран кармалган. Кармалган жарандан “марихуана” табылып алынган. Соттук-химиялык экспертизанын жыйынтыгында алынган зат 8 кг 789 грамм индиялык “марихуана” экени аныкталган.

Кармалган Ж.М. баңгизаттын ар бир килограммын 60 миң сомго сатууга аракет кылгандыгы аныкталган.

Азыркы учурда шектүү Ош шаарынын ИИБнын Убактылуу кармоо жайына киргизилип, бул баңги кылмышына тиешеси бар башка адамдарды аныктоо боюнча тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий