• 88.67
  • 95.49
  • 0.96

Талас мэри шаар аймагындагы курулуш объектилеринен кабар алды

Аймак 0


Бишкек, 16.12.22. /Кабар/. Талас шаарынын мэри Аскар Шабданов шаар аймагында жүрүп жаткан курулуш объектилеринен кабар алды. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, калаа башчысы алгач Катар кайрымдуулук уюмунун каржылоосу менен курулуп жаткан маалымат технологиялар мектеби жана медициналык борборго барды.

Ошону менен бирге ал “Ас-Сафа” коомдук бирикмесинин демөөрчүлүгү менен курулуп жаткан 12 батирлүү 3 турак үйдүн курулушунан кабар алды. Буга чейин аталган коомдук бирикме тарабынан 60 батирлүү 15 турак үй калктын аялуу катмарындагы жарандар үчүн курулуп берилген.

Ошондой эле мэр Талас шаарынын Молдосанов көчөсүндө курулуп жаткан жабык дренаж системасынын курулуш иштериндеги айрым мүчүлүштүктөрдү белгилеп, курулуш компаниясынын жетекчилигине тийиштүү тапшырмаларды берди.

Эске салсак, буга чейин Молдосанов көчөсүнүн тургундары үчүн жабык дренаж системасын куруп берүү зарылчылыгы болуп келген. Жабык дренаждык системасы ийгиликтүү ишке кирип калса, аталган аймакта социалдык объектилерди курууга мүмкүнчүлүк түзүлөт.

Пикир

Оставить комментарий