• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

2022-жылы мал союучу жайларда оорулуу малдын 50 миң кг эти жок кылынган

Коом 0

Бишкек, 16.12.22. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. 2022-жылы өлкө аймагындагы мал союучу жайларда оорулуу малдын 50 миң кг эти жок кылынган. Бул тууралуу “Кабар” агенттигиндеги маалымат жыйынында Айыл чарба министрлигине караштуу Ветеринардык кызматтын ички ветеринардык көзөмөл бөлүмүнүн башчысы Тилек Таабалдиев билдирди.

Анын айтымында, ар бир мал союучу жайда тиешелүү адистер этти текшерип турушат.

“2022-жылы өлкө боюнча 50 миң кг эт утилизацияга кеткен. Ошондой эле мониторингдин негизинде эттин пробасын алып, лабораторияга тапшырабыз. Кыргызстан боюнча 19 лабораториябыз бар. Ар бир квартал сайын район жетекчилерине тапшырма беребиз, анын негизинде пробалар алынып турат. Бүгүнкү күндө 10 пробанын жыйынтыгы терс чыгып, эт, балык, сүт азыктарынын баары жок кылынган”, - дейт ал.

Пикир

Оставить комментарий