• 88.68
  • 95
  • 0.95

Кыргызстанда 93 мал союучу жайдын сегизи гана эл аралык талаптарга жооп берет

Коом 0

Бишкек, 16.12.22. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Кыргызстанда жалпы 93 мал союучу жайдын сегизи гана эл аралык талаптарга жооп берет. Бул тууралуу “Кабар” агенттигиндеги маалымат жыйынында Айыл чарба министрлигине караштуу Ветеринардык кызматтын ички ветеринардык көзөмөл бөлүмүнүн башчысы Тилек Таабалдиев билдирди.

Анын айтымында, сегиз жайдын эти учурда экспорттолууда. “Алсак, БАЭ, Кувейтке койдун 150 тонна эти, Россияга бодо малдын 25 тонна эти экспорттолду”, - дейт ал.

Эскерте кетсек, өлкө аймагындагы 93 мал союучу жай текшерилип, анын 25и ветсанитардык талаптарды бузгандыгы үчүн убактылуу жабылды.

Пикир

Оставить комментарий