• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Жээнбеков Кыргыз улуттук филармониянын абалы менен таанышты

Президент 0

Бишкек, 27.05.19. /Кабар/. Президент Сооронбай Жээнбеков Т.Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармонияга барды, - деп билдирет президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү.

Мамлекет башчысы борбор калаанын маданий объектилерине барууну улантууда. Эске салсак, буга чейин ал Т.Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрына жана Ч.Айтматов атындагы Мамлекеттик улуттук орус драма театрына барган.

Филармониянын имаратындагы ремонт тууралуу Президентке маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкулов жана филармониянын башкы директору Кыргызбай Осмонов айтып беришти. Айланасындагы территорияны жакшыртуу боюнча маалыматты Бишкек шаарынын мэри Азиз Суракматов берди.

Алар маалымдашкандай, филармониянын имаратындагы ремонт толугу менен бүткөрүлдү, фойе жана сахна реставрацияланып, жарык жана үн берүү системалары, жылытуучу система, артисттердин грим бөлмөлөрү оңдоп-түзөлдү.

Министр Азамат Жаманкулов белгилегендей, учурда сметалык документация жыйынтыкталып, опера жана балет театры, кыргыз жана орус драма театрларынын ремонтуна тендер жарыяланды.

Президент Сооронбай Жээнбеков имаратты карап чыккандан кийин борбор калаанын маданият объектилерине мамлекеттик деңгээлде өзгөчө көңүл бурулаарын белгиледи.

Бул жылы А.Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театры, Т.Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театры, Ч.Айтматов атындагы Мамлекеттик улуттук орус драма театры ремонттолот.

Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин маалыматына ылайык, драма театрларынын имараттары 1970- жана 1972-жылдары колдонууга берилгенден бери бир да жолу толугу менен ремонттолгон эмес. Опера жана балет театры акыркы жолу толугу менен 1978-жылы ремонттолгон, 2016-2017-жж. жарым-жартылай оңдоп-түзөлдү. Филармония акыркы жылы 2007-жылы ремонттолгон.

Пикир

Оставить комментарий