• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

«Соцфонддун 2018-жылга бюджети жана 2019-2020-жылдарга божомолу жөнүндө» мыйзамына өзгөртүүлөр киргизилди

Президент 0

Бишкек, 28.01.19. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков «Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун 2018-жылга бюджети жана 2019-2020-жылдарга божомолу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.

Мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан 2018-жылдын 13-декабрында кабыл алынган.

Аталган Мыйзамдын максаты — Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун 2018-жылга бюджетинин негизги параметрлерин тактоо.

Ушул багытта кабыл алынган Мыйзам менен Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун 2018-жылга бюджети кирешелер боюнча 51 157,8 млн. сом суммасында жана чыгашалар боюнча 50 342,9 млн. сом суммасында бекитилди, бюджеттин профицити 814,9 млн. сом суммасында белгиленди.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Пикир

Оставить комментарий