• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Бажы төлөмдөрүн чогултуу боюнча коюлган план 5,3%га аткарылбай калган

Экономика 0

Бишкек, 28.01.19. /Кабар/. Бажы кызматынын бажы төлөмдөрүн чогултуу боюнча планы 5,3 пайызга аткарылбай калган. Бул тууралуу “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйынында ведомствонун төрагасы Алмаз Оңолбеков кабарлаган.

Анын маалыматына ылайык, 2018-жылы 41,7 млрд. сом чогултулган. Баштапкы план боюнча 39,8 млрд.сом деп берилген. Бул жерде 1,8 млрд.сомго өсүү болгон.

“Бирок 9 айдын жыйынтыгы менен өкмөт бул көрсөткүчтү 3,7 млрд. сомго көтөрүү чечимин кабыл алган. Ошондо жаңы План боюнча көрсөткүч 43,5 млрд. сомду түзгөн. 2017-жылдын көрсөткүчүнө салыштырмалуу бажы төлөмдөрүн чогултуу планы 9,3 млрд. сомго көтөрүлгөн”, - дейт ал.

Ошондо 2017-жылга салыштырмалуу бажы кызматы 7,5 млрд.сомго көп төлөм чогулткан же болбосо төлөмдөр 22% жогорулаган.

“Такталган болжолдорду аткарбоонун негизги себеби ЕАЭБ өлкөлөрүнөн алынып келгенде түшпөй калган бажы төлөмдөр. Ошондо 2018-жылы келген товарлардын бажы төлөмдөрү 17,6 млрд. сом өлчөмүндө бекитилген. 2018-жылы ЕАЭБ өлкөлөрүнөн келген бажы төлөмдөр 16,2 млрд.сом суммасында КРнын бюджетине түшкөн же болбосо 1,5 млрд.сом түшпөй калган”, - деп кошумчалады ал.

Пикир

Оставить комментарий