• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

«Соцфонддун 2019-жылга бюджети жана 2020-2021-жылдарга божомолу жөнүндө» мыйзамга кол коюлду

Президент 0

Бишкек, 28.01.19. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков «Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун 2019-жылга бюджети жана 2020-2021-жылдарга божомолу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.

Мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан 2018-жылдын 13-декабрында кабыл алынган.

Аталган Мыйзам менен Социалдык фонддун 2019-жылга бюджети кирешелер боюнча 54 562,4 млн. сом суммасында жана чыгашалар боюнча 53 095,6 млн. сом суммасында бекитилди, бюджеттин профицити 1 466,8 млн. сом суммасында белгиленди.

Мыйзам расмий жарыяланууга тийиш жана 2019-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет.

Пикир

Оставить комментарий