• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Садыр Жапаров Аксы окуяларында курман болгондордун элесин эскерди

Президент 0

Бишкек, 17.03.23. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров бүгүн, 17-мартта, Аксы окуяларын эскерүү күнүндө 2002-жылдагы Аксы жана 2010-жылдагы Апрель окуяларында элдин эркиндиги үчүн курман болгондордун элесине арналып тургузулган Бишкек шаарындагы борбордук «Ала-Тоо» аянтындагы Монументке гүл койду. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Иш-чарага ошондой эле, Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев, министрлер кабинетинин төрагасы — президенттин администрациясынын жетекчиси Акылбек Жапаров, Жогорку Соттун төрагасы Замирбек Базарбеков, Конституциялык соттун төрагасы Эмиль Осконбаев, мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов, Бишкек шаарынын мэри Эмилбек Абдыкадыров катышты.

Пикир

Оставить комментарий