• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Кыргызстанда жыл сайын 5-6 млн көчөт отургузулат — Садыр Жапаров

Президент 0


Бишкек, 13.03.22. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров Facebook`тагы расмий баракчасына “Жашыл Мурас” улуттук программасы тууралуу билдирүү калтырды.

“Жалпы Кыргызстан боюнча Тоолорду туруктуу өнүктүрүү эл аралык жылынын жана Тоолордун экосистемасын коргоо жана климаттык туруктуулук жылынын алкагында "Жашыл мурас" улуттук өнөктүгү башталды. Бул өнөктүк салттуу болуп, жыл сайын өлкөнүн бардык аймактарында 5-6 млн көчөт отургузуу пландалууда”, - деп жазган президент.

Эскерте кетсек, кечээ, 12-мартта Садыр Жапаров Кыргызстандагы Тоолордун экосистемасын коргоо жана климаттык туруктуулук жылынын алкагында "Ала-Арча" мамлекеттик жаратылыш багынын аймагында ийне жалбырактуу көчөттөрдү отургузуп "Жашыл мурас" улуттук өнөктүгүн баштаган.

Пикир

Оставить комментарий