• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кыргыз-өзбек чек арасында эки өлкөнүн район башчылары жолукту

Аймак 0

Бишкек, 04.03.24. /Кабар/. Кыргызстандын Баткен жана Өзбекстандын Риштон райондорунун акимдери Учкунбек Жоробаев менен Бахадир Холиков жетектеген тийиштүү делегациялардын жолугушуусу болду. Бул тууралуу Баткен райондук мамлекеттик администрациясынын басма сөз кызматы билдирет.

Тараптардын жолугушуусу Баткен районунун Төрт-Гүл айыл өкмөтүнүн Зарташ, Өзбекстандын Риштон районунун Чоң-Гара айылы менен чектешкен аймакта өттү.

Анда тараптар чек ара аймактарындагы коомдук саясий абал, чек ара аймактарындагы чыр-чатактарды жана кылмыштуулукту алдын алуу, жазгы талаа иштери, арык-каналдарды тазалоо, эки элдин ортосундагы ынтымакты бекемдөө жана маданий иш чараларды өткөрүү сыяктуу маселелердин үстүндө пикир алмашкан.

Жолугушуу конструктивдүү маанайда өткөн.

Пикир

Оставить комментарий