• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

КР Чек ара кызматы кыргыз-тажик чек арасында орун алган окуя боюнча комментарий берди

Аймак 0

Бишкек, 21.01.22. /Кабар/. Кыргыз-тажик мамлекеттик чек ара аймагындагы кырдаал туруктуу деп мүнөздөлөт. Бул тууралуу КР Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматынан билдиришти.

Ведомствонун маалыматына ылайык, кечээ, 20-январда Баткен облусунун Баткен районуна караштуу Ак-Сай айылындагы айланма жол тилкесиндеги Бакай жерлигинде тажик номери менен КамАЗ үлгүсүндөгү автоунаа байкалган.

Аталган автоунаа КР УКМКнын Чек ара кызматынын “Ак-Сай” чек ара постунан Тажикстандын Ходжаи Аъло айылын көздөй катуу ылдамдыкта өтүп кеткен.

Тажикстандын Согди багыты боюнча чек ара өкүлү Кыргызстандын Баткен багыты боюнча чек ара өкүлүнө Кыргызстандын жарандары КамАЗ үлгүсүндөгү автоунаанын алдыңкы айнегин талкалагандыгын билдирген. Ошол эле учурда айдоочуга кол салды деген маалымат тастыкталган жок.

Эки тараптын укук коргоо органдары келип чыккан окуя боюнча териштирүү иштерин жүргүзүп жатышат.

Пикир

Оставить комментарий