• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Ошто жаш өспүрүмдөр арасындагы кылмыштуулукту алдын алуу боюнча жыйын өттү

Аймак 0

Бишкек, 19.01.18. /Кабар/. Кечээ, 18-январда Ош шаарында балдарга карата зордук зомбулукту, мектеп окуучулары, студенттер арасындагы кылмыштуулукту алдын алуу багытында жыйын болуп өттү,-деп билдирет мэриянын басма сөз кызматы билдирет.

Билдирүүгө ылайык, ага Ош шаарынын вице-мэри Шакир Зулимов, шаардык прокуратуранын, Ош ШИИБнын жаш өспүрүмдөр менен иштөө инспекциясынын, билим берүү башкармалыгынын, жогорку жана орто окуу жайларынын ректоратынын, жаштар комитетинин өкүлдөрү, аймактык кеңештин төрага, төрайымдары келип катышты.

Ош шаарынын вице-мэри Ш.Зулимов жыйындын күн тартибине Ош шаарынын прокуратурасынын 2017-жылдын 22-январындагы чыгуу №11-10б- 1269-7 ченемдик укуктук актыларынын бузулушун четтетүү жөнүндөгү сунуш катында көрсөтүлгөн маселе боюнча жашы жете элек өспүрүмдөр жана жалпы балдарга тиешелүү маселелер такай көзөмөлгө алынып, Өкмөт тарабынан бекитилген мыйзамдуу нормативдик актыларга ылайык түшүндүрүү иштерин жүргүзүү зарыл экендигин билдирди.

Ал эми Ош шаарынын мэриясынын социалдык өнүгүү бөлүмүнүн башчысы Салтанат Аманова өткөн жылы үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан бирөө, студенттер арасында болгон пикир келишпестиктен бир өспүрүм каза таап, барына сабак болгонун билдирип, ар бир тармак өзүнчө иш жүргүзбөстөн бирдиктүү иш алып баруу бүгүнкү жыйындын максаты экендигин кошумчалады.

Жыйындын соңунда балдар арасындагы кылмыштуулуктун жана үй-бүлөлүк зомбулуктун алдын алуу боюнча иш-аракеттерди тиешелүү мамлекеттик түзүмдөр жана билим берүү мекемелери үзгүлтүксүз жүргүзүү милдеттендирилди.

Пикир

Оставить комментарий