• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Облустук милиция: Баткендин Көк-Таш, Самаркандек, Ак-Сай, Кызыл-Бел айылдарында абал туруктуу

Аймак 0

Бишкек, 30.04.21. /Кабар/. Баткен районунун Ак-Татыр айыл аймагындагы Жака-Өрүк участкасы аркылуу өтүүчү Ош-Исфана автожолу бүгүн саат 17.50лөр чамасында ачылып, тажиктер тарабынан төгүлгөн кум-шагылдар толугу менен алынды.

Баткен облустук милициясынан кабарлашкандай, азыркы учурда Баткен районунун Көк-Таш, Самаркандек, Ак-Сай, Кызыл-Бел айылдарында абал туруктуу.

Милиция кызматкерлери күчөтүлгөн тартипте коомдук кырдаалды жөнгө салууда толугу менен иш алып барууда.

Бул аймактарда жашаган жергиликтүү тургундардын коопсуздугун сактоодо Баткен ОИИБнын начальниги Мурат Бороновдун көзөмөлүндө.

Ал эми облус аймактарындагы болуп жаткан окуялар боюнча милициянын жүргүзгөн иш-аракеттерин КР ИИМ башчысы Улан Ниязбеков өз көзөмөлүнө алып, коомдогу болуп жаткан терс көрүнүштөрдү жөнгө салууда тийиштүү тапшырмаларды берүүдө.

Пикир

Оставить комментарий