• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Ысык-Көлдө азык-түлүккө болгон баанын жогорулашы байкалган жок - Осмоналиев

Аймак 0

Бишкек, 05.06.20. /Адил Төлөгөнов – Кабар/. Ысык-Көл облусунда азык-түлүккө болгон баанын жогорулашы байкалган жок. Бул тууралуу өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Акылбек Осмоналиев брифингде билдирди.

Анын айтымында, өзгөчө кырдаал режими киргенден баштап өкмөттүн атайын токтому чыккан. Анда социалдык жактан маанилүү болгон 11 азык-түлүктүн баасы бекитилген.

“Бүгүнкү күндө ундун чекене баасы 33,5 сом деп коюлган. Бирок биз күн сайын мониториг жүргүзүп, ундун баасы 32,9 сом болуп жатканын көрүп жатабыз. Кумшекердин баасы 42 сом деп коюлган болсо, 40 сомдун тегерегинде болууда. Макарондун баасы 50 сомдун тегерегинде, өсүмдүк майы 88-89 сомдон сатылып жатат”, - дейт ал.

Осмоналиев өкмөт коюп берген баадан жогору саткан жарандарга тиешелүү чаралар көрүлөрүн айтат.

Пикир

Оставить комментарий