• 88.68
  • 95
  • 0.95

Нарын шаарында "Теңир Тоо сити" турак жай комплекси курулат

Аймак 0

Бишкек, 12.02.24./Кабар/. Нарын шаарында "Теңир Тоо сити" турак жай комплекси курулат. Анын 1-2-кабатына административдик жана коммерциялык имараттар жайгашат.

Президенттин аталган облустагы өкүлчүлүгүнөн билдиришкендей, Нарын шаарында жер аянты тар болгондуктан шаарды бийигинен өстүрүү учур талабы.

""Нарын - реновация" долбоорунун дагы бир компоненти - шаардын Городок аймагына 9 кабаттуу, 6 блок “Теңир Тоо сити” турак жай комплексин куруу.

Бул үчүн облус жетекчиси Алтынбек Эргешовдун демилгеси менен Нарын шаарынын Городок аймагындагы Гидро-метео борбордун 1,6 гектар жери чечилген", — деп айтылат маалыматта.

Учурда каражат булактары каралууда.

Пикир

Оставить комментарий