• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бишкекте жакын арада БАЭнин элчилиги ачылат

Саясат 0

Бишкек, 12.02.24./Кабар/. Бишкек шаарында жакын арада Бириккен Араб Эмираттарынын (БАЭ) элчилигин ачуу пландалууда.

Президенттин маалымат кызматынан кабарлашкандай, аталган маселе президент Садыр Жапаров менен БАЭнин энергетика жана инфраструктура министри Сухэйл Аль-Мазруинин жолугушуусунда талкууланган.

Тараптардын жолугушуусу бүгүн Дүйнөлүк өкмөттөр саммитинин алкагында Дубайда өттү.

Жолугушуунун жүрүшүндө эки тараптуу кызматташууну мындан ары кеңейтүү, дипломатиялык, соода-экономикалык байланыштарды чыңдоо, биргелешкен инфраструктуралык жана энергетикалык долбоорлорду ишке ашыруу маселелери талкууланды.

Энергетика жана инфраструктура министри Сухэйл Аль-Мазруи быйыл Кыргызстанга БАЭнин соода миссиясы келерин, ага соода-экономикалык байланыштарды бекемдөө үчүн ири эмираттык компаниялардын өкүлдөрү кирерин кошумчалады.

Пикир

Оставить комментарий