• 88.68
  • 95
  • 0.95

Астанада Кыргызстан менен Түркмөнстандын ТИМ башчылары жолугушту

Саясат 0

Бишкек, 28.02.23. /Кабар/. Бүгүн, 28-февралда КР тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Түркмөнстандын министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары - тышкы иштер министри Рашид Мередов менен эки тараптуу жолугушту. Бул тууралуу КР тышкы саясий ведомствонун билдиришти.

Маалыматка ыдайык, жолугушуу Астана шаарында “Борбордук Азия + АКШ” (С5+1) министрлеринин жолугушуусунун алкагында өткөн.

Эки өлкөнүн тышкы иштер ведомстволорунун башчылары кыргыз-түркмөн кызматташтыгынын саясий, соода-экономикалык, энергетикалык, транспорттук жана маданий-гуманитардык тармактардагы негизги маселелерин талкуулашты.

2023-жылы өтө турган кыргыз-түркмөн иш-чараларын жогорку жана эң жогорку деңгээлде уюштурууга жана өткөрүүгө өзгөчө көңүл бурулду.

Пикир

Оставить комментарий